"Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасоо кыйынчылык жаратууда". Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн, 22-декабрда өкмөт жыйынында медициналык кадрларды даярдоонун абалы жана аларды саламаттыкты сактоо уюмдарына бекитип берүү боюнча жасаган баяндамасында билдирди.
"Жүрөк оорусу менен ооругандардын чет өлкөдөн дарылануусуна зарылчылык жок, бизде да толук шарт бар. Бирок жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасоо кыйынчылык жаратууда", - деди Батыралиев.
Ошондой эле министр Талас, Баткен жана Нарын облустарында жүрөк оорусу менен ооругандарга жеринен жардам көрсөтүү үчүн ал жактарга кесипкөй дарыгерлерди тартуу керектигин айтты. "Ушул үч облуста жүрөк оорусу менен ооругандарга жеринен жардам көрсөтүү үчүн биз ал жактарга кесипкөй дарыгерлерди тартышыбыз керек. Бул үчүн жергиликтүү бийлик менен бирге шарттарды түзүү зарыл", - деди ал.