Клиникалык базасы жок медициналык факультеттер жабылат

Учурда медициналык билимге ээ болгон кадрлардын билим деңгээли төмөн болуп жатканын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн, 22-декабрда өкмөт жыйында жасаган докладында айтты. Буга айрым жогорку окуу жайлардагы медициналык факультеттердин клиникалык базасынын жоктугу себеп экенин мисал келтирди.

Анын айтымында, жалпы 9 окуу жайдагы медициналык факультеттен жылына 2 миңдей кадр даярдалып чыгууда.

"9 окуу жайдагы факультетте 20 миңдей студент медициналык билим алып жатат. Анын 7 миңи чет элдик студенттер. Жалпы жонунан жылына 2 миңдей кадр даярдалып чыкса, анын ичинен 400 бүтүрүүчү чет элден келгендер. Бирок студенттер үчүн айрым окуу жайларда клиникалык база жок. Атап айтканда, Кыргыз-орус университетинде, Кыргыз мамлекетинин эл аралык университетинде, Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттеринде клиникалык база жок", - деди министр.

Министрдин докладынан кийин өкмөт башчы Сапар Исаков клиникалык базасы жок медициналык факультеттердин лицензиясын жокко чыгаруу керектигин айтты.

"Бардык эле медициналык факультеттер клиникалык базага ээ эмес. Аталган факультеттердин жетиштүү каражаты бар. Мени кызыктырганы, клиникалык базага ээ болбой туруп алар кандайча билим берүүдө? Алар кандайча иш алып барып, кандайча лицензия алууда? Биз бул маселени иликтеп чыгуубуз керек. Эгерде медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясы алынат", - деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sagyn.91
2017-12-22 23:15:53
Ушул эле калды эле. Мурун каякты карап журдунор экен.
Ош Мамлекеттик Университетинин Клиникалык базасы бар болуш керек, Медицина факультетинин жанына жаны здания тушкон, клиника болуп, эгер адашпасам. Кантип Министрлик ушуну билбейт!
+5
Badr.Hari.
2017-12-22 23:23:00
Саны бар сапаты жок мед училища мед колледж, мед институттарды да жаппайсынарбы.
+11
ZANIA-92
2017-12-23 03:46:29
Badr.Hari.,Бишкекте бир эле медколледж бар,ал мурун училища болчу. Билим беруу денгээли жакшы эле жана клиникалык базасы бар ошондуктан жаппай эле коюшсун. Ал эми Бишкекте бир эле мед институт бар,ал азыркы кезде академия болуп айтылат ошондуктан аны деле жаппай эле коюшсун. Калгандарын билбейт экем.
+1
Rifle_I
2017-12-22 23:48:29
Жабылыш керек !!!
Мед.академия гана врачтарды даярдаса жетиштүү .
+5
Medinaa
2017-12-23 00:00:20
Rifle_I,Региондордогу бардык карапайым
элдин борборго барып окуганга шарты боло
бербейт да.Анан дагы бир эле ЖОЖ
даярдаса коррупцияга кенееен жол ачылат
+7
fanatkg
2017-12-22 23:52:13
Министр мырза кайсыл заманда жашап жатат? ОШМУда клиникалык база жок деп ага кайсыл акмак жардамчысы жеткириптир? Биринчи өзүн отставкага кетирүү керек!!!
+8
Akmary
2017-12-23 00:07:11
Ушул министрлер соз суйлоор алдында бир аз да болсо маалымат алып алышса. ОшМУнун килтейген клиникалык базасы турбайбы! Калгандарын билбейм эми.
+8
Ma9
2017-12-23 06:33:33
жалал абада жок окуу жайларда 3 мед коллеж бар
0
RaHat19
2017-12-23 19:11:08
мед академияда мпд факуьтетин кенейтиш керек себеби евросоюзга лабарантар коп керек.
0
Floweriza
2017-12-24 15:39:56
ОШМУнун клиникалык базасы бар го
0
aiman1983
2017-12-24 17:54:07
ОшМУнун мед колледжин жок кылуу керек, сессия дегенде мугалимдер озунун торогон апасын да унутуп калышат. Коррупцияга малынып калган, баткак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан