Министр: "Акыркы 10 жылда дарыгерлердин жалпы саны 9,8 пайызга өскөн, бирок баары бир жетишсиз болууда"

Акыркы 10 жылда өлкөдө дарыгерлердин жалпы саны 9,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 22-декабрдагы өкмөт жыйынында жасаган баяндамасында белгиледи. Министр медициналык кызматкерлердин саны көбөйгөнү менен аймактарда алардын саны жетишсиз экенин айтты.

"Учурда республиканын калкына медициналык-профилактикалык жардамды 13 миң 517 дарыгер жана 34 миң 90 орто медициналык билими бар адистер көрсөтөт. Өткөн жылдарга салыштырмалуу дарыгерлердин жалпы саны акыркы 10 жылда 9,8 пайызга жогорулаган. Ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер боюнча алсак, тескерисинче, акыркы 10 жылда алардын саны 202ге азайган", - деди министр.

Талантбек Батыралиевдин айтымында, 10 миң адамга 22 дарыгер туура келет, бирок шаар жана айыл ортосунда дарыгерлер менен камсыздоодо кескин географиялык айырмачылык сакталууда. Бишкек жана Ош шаарларында 10 миң адамга карата дарыгерлердин санынын көрсөткүчү эң жогору. Башка айыл жана алыскы райондордо 10 миң адамга медициналык жардам көрсөтчү дарыгердин саны 7ге жетпейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Altyn10076
2017-12-23 08:28:33
Акчанын күчү менен бүткөн адистер көбөйүп атабы ошондо?
0
doni-beku
2017-12-23 08:46:31
Саны бар сапаты жоктор
+1
Nurkyz1977
2017-12-23 09:20:36
Айлыктарын азайтып жатсанар эми азайгандан азаят кобоймок беле. 15000сом алгандар 7-8000сом болуп кыскарды мамлекет карызын медиктер менен мугалимдердин айлыгынан толойбу деп байкуштар бушайман. Азыркы бийлик жада калса жаш наристелердин ырыскысына беш колун салып жатат. Мурун ар бала 900с беш бала жалпы 4500с алчу ал эми азыркы мыйзам боюнча 1500с бул бир уй булоого жеген нанына да жетпейт,беш баланын учооно берилет экооно берилбейт дешип наристелерди алакчылап жатат бийлик мыначыныгы жузунор
0
aiai
2017-12-23 13:41:09
айлыкты кичине которсонор, иштейт жетиштуу болот 5000мин сом алышат.ким иштегиси келет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан