"Кыргызмунайгазды" өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу эң туура чечим" дейт адис

"Бүгүнкү күндө чыгашалуу мамлекеттик ишканаларга инвесторлорду тартуу зарыл". Мындай пикирин Бизнес ассоциациялар улуттук альянсынын жетекчиси, "БизЭксперт" аналитикалык борборунун башчысы Улук Кыдырбаев билдирди.

"Кыргызмунайгаз" компаниясын модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу боюнча жетекчиликтин сунушу абдан туура жана максатка ылайыктуу деп эсептейт адис. Анын ою боюнча, өлкөдө чыгашалуу мамлекеттик объекттер, ишканалар, акционердик коомдор көп.

"Ушундай учурда кырдаалдан чыгуу үчүн эки жол бар: биринчиси - ишкананы сатуу. Анткени мындай объекттерден мамлекетке эч кандай пайда жок. Экинчи жол - инвесторлордун башкаруусуна берүү. Бул мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн бир формасы. Мамлекет бул ыкмадан эч нерсе жоготпойт", - деп белгиледи Кыдырбаев.

"Макулдашууларга ылайык, мамлекеттик ишкана инвесторго белгисиз мөөнөткө берилет. Ал ишкананы гүлдөтүп өнүктүрүш керек. Ал эми мамлекет өзүнүн менчигинен айрылбайт. Жыйынтыгында жергиликтүү тургундардын жана жумушчулардын жашоосу жакшырат. Мамлекет өз кезегинде инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши зарыл", - деди адис.

Айта кетсек, 21-декабрда премьер-министр Сапар Исаков "Кыргызмунайгаздын" учурдагы абалы тууралуу жумушчу кеңешме өткөрүп, финансы-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kattaldym
2017-12-23 14:24:49
чыгашалуу...
0
jbolotov
2017-12-23 14:29:12
Кыргызмунайгаздыда Кыргызгаздай кылып Россияга сатсанар анан биротоло коз каранды болобуз. Мен бийлике келсем Кыргызгазды 150 млн$ карызы бар учун саткандарды кармап жазаламакмын. Мисалга Украина Укргазды 2млрд $ доллар карызына карабай Оруссияга сатбай оздорундо калтырып алышты. Биздикилер газ тармагын жери менен кошо сатып ото чон ката кылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан