Азамат Акенеев: "Эгер "Кыргызмунайгаздан" пайда жок болсо, аны инвесторлорго бериш керек"

Эгер "Кыргызмунайгаз" ишканасынан пайда жок болсо, анда аны жандандыруу үчүн инвесторлорго бериш керек. Мындай пикирин экономика маселелери боюнча адис Азамат Акенеев билдирди.

Анын ою боюнча, өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон компанияларда гана мамлекеттин үлүшү калышы зарыл. "Кыргызмунайгаз" мындайлардын катарына кирбейт. Бул компаниянын айланасындагы кырдаал көптөн бери болууда. Азыр маселени чечүүнүн эң туура жолдорун издеш керек. Компанияны менчиктештирүү туура жолдордун бири. Эгер бүгүн кызыкдар инвестор болсо, ачык сынак өткөрүү менен ага бериш керек. "Кыргызмунайгаздагы" жабдуулардын эскилиги жетти, ал эми чыгарылып жаткан продукция заманбап талаптарга жооп бербей жатат", - деди Акенеев.

Айта кетсек, 21-декабрда премьер-министр Сапар Исаков "Кыргызмунайгаздын" учурдагы абалы тууралуу жумушчу кеңешме өткөрүп, финансы-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан