Пакистанда полиция 50 жаштагы киши менен 10 жаштагы кыз никесин каттап жатканда токтотуп калды

Пакистандын Синд провинциясынын Кирпи айылында полиция өспүрүм кызды күйөөгө берүүдөн сактап калды. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, Житмал Мегар аттуу 50 жаштагы киши 10 жаштагы кызга үйлөнүү үчүн анын ата-энесине алдын ала калың иретинде 7 миң долларга жакын акча берген.

Боло турган үлпөт тууралуу билген жергиликтүү полиция алардын никесин каттап жаткан кезде имаратка кирип барышкан. Бирок 50 жаштагы үйлөнмөкчү болгон адам качып кетүүгө үлгүргөн.

Кыздын апасы Масмат Набиат полицияга кызын эрте турмушка узатууга мажбур болгондугун айтып берген. Анын айтымында, күйөөсүнө операция жасатышкан, ал үчүн карызга акча алып, аны төлөө үчүн кызын өзүнөн 40 жаш улуу кишиге, өспүрүм кезинде турмушка узатууга макул болгон.

"Менин күйөөм ооруп калганда абдан кадыр-барктуу адамдардан карызга акча алганбыз. Мен да, күйөөм да кызыбызды эрте күйөөгө берүүнү каалаган эмеспиз, бирок биздин андан башка жолубуз жок болду. Кызыбызга үйлөнө турган адам бизден эч кандай сеп талап кылбай тургандыгын, үйлөнүү үлпөтүн да өзү өткөрө тургандыгын айткан", - деген 10 жашар кыздын апасы.

Ал эми өспүрүмгө үйлөнмөкчү болуп жаткан адамдын нике каттоосуна күбө болуп жаткан досу ал кыздын жаш курагы тууралуу билбегендигин айткан. Учурда өспүрүмдү күйөөгө берүүгө катыштыгы бар адамдардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Пакистандын мыйзамы боюнча, мындай ишке баргандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
salimbek87.kg
2017-12-23 11:41:08
Тообо кылдым.
+14
adi_ko.kg
2017-12-23 11:52:10
Укмушго
-6
AykaMer
2017-12-23 12:18:11
кудай сактай көр,карыз деген жаман нерсе да,эмнелерди гана кылдырбайт. Кызымды эрге берсем ал бизге акча берет,күйөөмдү операция кылат анан деп ойлогон да байкуш аял.Кызын эрте күйөөгө бергени ката го,бирок андай шашылыш убакта ошондон башка ой келбеген да,айласы жок ушул кадамга барган го. Коммент жазгандар: акылдуусунбай биринчи аялдын ордуна өзүңөрдү коюп көргүлө анан чечим чыгарып жазгылачы?! Кимиңер эмне кылмак элеңер,мага жоопко жазгылачы?
+10
Pandora
2017-12-23 18:15:58
AykaMer,Биринчиден андай айласыз,аргасыз таатал турмушка туш болгондон кудайым озу сактасын.
Экинчиден оозунан эне суту кете элек кызын каары эмес,жаш кишиге берип,кызынын кыйналганын коруп жашап тируу калгандан олуп эле калган жакшы.Кудайым очу кечирсин,туура эмес суйлоп койсом.
+3
Rifle_I
2017-12-23 12:22:26
Жок дегенде 16 жашка чыксын.
10 жпш кыз 4-класстын окуучусу.
+5
AykaMer
2017-12-23 12:26:14
Үйлөнүп жаткан киши чынында эле акмак экен,үйлөнөм деп оолукпай ошол акчаны сооп катары берип турса деле болмок да,кыз 18 жашта болсо экен анан үйлөнөм десе. Тообо кылдым...Мындайды эч кимдин башына салбасын..
+21
vavilon.
2017-12-23 13:42:49
Башка жерлерде тим эле шариятты, динди бетке кармап жазасынар да, мындай темаларга келгенде бети жок акмакчылык деп каласынар. Ал киши акмак эмес шарият боюнча иш кылыптыр, шариятта кыз бала 9жаштан жетилет дейт. Ал жакыр кызды камкордука алмакчы болуп жакшы ойдо уйлоном дегендир.
+2
Karban86
2017-12-23 14:42:50
vavilon.,соз коп, жер тар болуп атат.
0
vavilon.
2017-12-23 15:06:32
Karban86, жаз жаза бер, сатыр албайбызго бул жерде место
+4
Pandora
2017-12-23 18:19:53
vavilon.,Шарият болгудай бул киши мусулман эмес,,9жаштан балагатка жетилет дегени бул куйоого беруу деген эмес.9 жаштан турмушка чыгуу ооо чон аталарыбыздын заманында калып кеткен
+3
NeRiNa
2017-12-23 14:02:29
Ай Вавилон катуу кетпе! 10 жаш кыз сага оюнчукпу??? Сенин да карындашын бардыр?! Ойлонуп жазсан жакшы болмок. Кыз бала 9 жашында балагатка жетти дегени турмушка чыгууга даяр болуп жетилди дегени эмес,акыл эси калыптанды дегендик.
+7
vavilon.
2017-12-23 14:22:16
NeRiNa, Никесине алып коюп бир аз чоңойгуча кошулбай журо турат. Эгер кыз соок саактуу чоң болсо анда ..... Мухаммед пайгамбар да 9жаш кызга уйлонгон. Демек болот.
-6
jbolotov
2017-12-23 14:33:59
vavilon.,Ал убакта кыздар чоон болуп эрте жетилген деп уккам.
+3
vavilon.
2017-12-23 15:02:41
jbolotov, Ошондой илгерки кыйынчылык заманда адамдар эрте жетилип, анан азыр кеңиричилик заманда тынчтык заманда адамдар жетилбей калганы жаман экен
-3
Azatbek83
2017-12-23 14:17:52
Мусулмандарды дуйного жаман корсотуп буттуго силерге окшогон акмактар!!!!!!
+2
orhideya_15
2017-12-23 14:42:28
Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыз дагы 9 жаштагы кызга уйлонду беле? Билгендер болсо жазып койгулачы сураныч.
0
vavilon.
2017-12-23 14:57:29
orhideya_15, Омур баянын таап окусан. Мен колдобойм 15жаш болсо да. Болгону ушул жердеги аша чапкан динчилдерге какшыктап жазып жатам. Шарият эле шарият дейсинер, мындай нерседе шариятка каршы чыгып оюнар эки кыл чыгат. Рас шариятты тануулайсынарбы мындай нерселлерди кабыл алышынар керек!
+3
beka1207
2017-12-23 15:28:52
vavilon.,эн туура айттын
-1
oscar
2017-12-23 15:31:10
vavilon.,созундо калет жок туура туура
+1
MUHLISA
2017-12-23 16:03:15
vavilon.бирөөнүн кичинекей кызын какшатып кетип жаткан учур азыр өлкөбүздө кеңири каттала баштады .А бул жерде өзүң какшыктап жазгандай өз камкордугуна алып жатыптыр .Шарият,Дин ,жөнүндө сөз жок эле аралаштырып таштаптырсыңго .Бул жерде индиялык кийим формада олтурат ,аял .
+1
vavilon.
2017-12-23 16:22:35
MUHLISA, Эгер билсен пакистан менен Индия эли тубу бир эл, тили каада салты окшош, дини гана башка башка болуп калган. Биз мн Казактардай окшоштук жактары коп.
-2
MUHLISA
2017-12-23 15:59:59
orhideya_15,оа алгач бизче кудаа түшүп башын байлап коюп ,арадан көп жылдан соң үйлөнгөн .Арабия өлкөлөрундө кумдуу чөлдөрдө климаттык шартка карап ал жактын кыздары тез бойго жетип ,он жашар кыздары ,азыркы биздин бойго жеткен кыздарындай көрүнгөн .
0
vavilon.
2017-12-23 16:24:19
MUHLISA, Ким айтты кумдуу чолдо адамдар эрте жетилет деп? Бул айрым молдолордун ойлоп тапкан жообу. Себеби башка жооп таба алышмак эмес.
+2
orhideya_15
2017-12-23 14:44:54
9 жаштагы кыздар жетилген деп ойлогон эркектерден коркуш керек. Педофилдер ушундай адамдардан чыгат.
+8
MUHLISA
2017-12-23 16:10:22
Жашы жетелек кыздарга үйлөнүүгө ,керек болсо кыздын көңүлү жок күйөөгө берүүгө дин шарият да руксат бербейт.
+3
vavilon.
2017-12-23 16:26:32
MUHLISA, Мумкун кыздын конулу бардыр аны кайдан билесин жанында болбогон сон? Ата энесинин карызын толойм деп чындап эле кыз макул болгондур. Бизде деле акчанын айынан сойку болуп кетип жатпайбы. Сойку болгондон коро ошол жоллу артык коргон балким.
-3
MUHLISA
2017-12-23 17:27:18
vavilon.,менин жоопторум силердин жоопторуңарга шайкеш эле ,эгер силер какшыктап эле жазбасаңар .
+1
sanzhar83
2017-12-23 18:29:55
vavilon.,10 жаштагы кыздын конулу бардыр деп кантип жазып атасын?Ал кичинекей кыз азыр эмнени тушунот дейсин?Бизде акчанын айынан сойку болуп кетсе бойго жеткен кыздар сойку болуп атышат 10 жаштагы кыздар эмес!!!
+2
vavilon.
2017-12-23 18:35:35
sanzhar83, Ата энесине акча керек экенин тушунуп калган убагы. Кээ бир жаш балдар чондордон да жакшы ой жугуртот. Ата энесинин карызын доолаганын коруп макул болдуда байкуш.
0
sanzhar83
2017-12-23 18:41:43
vavilon.,тушунуп калбай эле ата-энеси алдап куйоого берип жаткан ал байкушту,10 жаштагы кыз куйоонун кандай болоорун тушунуп коюптурбу,макул болгон учурда да толук андап тушуно элек убагы.Айрыкча озунон 40 жаш улуу чал болсо.
+1
Alinur96kg
2017-12-23 17:41:09
Азыр чала молдолордун батальону чыгат шариатта боло берет деп.
-1
muslim87
2017-12-23 20:45:54
Alinur96kg, эчкандай шариятта болбойт мындай. Сүйлөйт десе эле сүйлөй беоесиңерби
+2
bazar
2017-12-23 23:20:36
Щарияттан сүйлөгүлө?
0
Nurmat92
2017-12-24 01:35:38
10жаштагы кызды турмушка берген туура дегендерге айтарым өзүңөр 10жаштагы кызыңарды же карындаш сиңдиңерди берип көргүлө да күйөгө кандай болот экен ошондо көрөсүңөр. Илгери 9 жаштан беришчи дегендер эмне силер илгерки жашоо менен жашап көрдүңөр беле? Ал убакта деле бойго жеткенден кийин турмушка узатышканда илгеркилер деле келесоо эмес го дейм
0
nur007mir009kg
2017-12-24 07:53:25
Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан