Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Жаңы жылга карата коомдук тартипти камсыздоо боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамасынын даярдыгын текшерди. Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарындагы эски аянтта Бишкектик гарнизондун саптык тизими өттү.
"Жаңы жылдык майрамга даярдыктар жана иш-чаралар жүрүп жатат. Ошонун алкагында Бишкек шаарынын гарнизонунун өздүк курамы жакшы кызмат өтөп, шаардын тургундарынын коопсуздугун сактап, ушул майрам кырсыксыз өтөт деген үмүтүбүз бар. Силер абалды көзөмөлгө алып, тартипти сактап берет деген ишеничтебиз", - деп айтты Ибраимов.
Бишкектик гарнизондун саптык тизимин өткөрүүнүн негизги себептери - бул милиция кызматкерлеринин кийген кийимин текшерүү жана кызматтык автоунааларды текшерүү болду.