31-декабрда Бишкектеги коомдук тартипти 2500 милиция кызматкери көзөмөлгө алат

31-декабрда Бишкекте 2500дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Талантбек Иманкадыров билдирди.

"Бүгүн бизде гарнизондук саптык тизими өттү, анда Бишкек ШИИББинин, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, элдик кошуундар катышты. Гарнизондук саптык тизимди Жаңы жыл майрамына карата тартип сактоо боюнча даярдыктарды текшерүү үчүн өткөрдүк. Келе жаткан 2018-жылга карата борбордук жана эски аянттарда коомдук коопсуздук сакталат. Анда биздин кызматкерлер 25-декабрдан баштап кийинки жылдын 2-январына чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ал эми 31-декабрда Бишкек шаарында 2500дөн ашуун милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлгө алат", - деп айтты Иманкадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Okna
2017-12-23 15:28:46
Арам майрага 2500 жакшы эмесго дейм. Кана биздин чегараны бузуп киргенде ушунча милиция барса а 2500 эмес 25 ини корбойсун коркушуп чыккан жерине кирип кетишет баары а бундай майрамдарда баары чыгып алышат тыйын иштеп каларбызбы деп
+1
tttalant
2017-12-23 19:29:41
Ар бири озун милдетин аткарат чегараны мекенди ар бир эркек коргош керек бир милиция эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан