Бүгүн, 23-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Акылбек Султанов мамлекет башчыга өлкөдөгү статистикалык каттоо системин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар жана Улуттук статистикалык комитеттин ишмердиги боюнча маалымат берди.
Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик статистика экономика тармагында жана коомдук ишмердикте башкаруучу чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдар үчүн маанилүү курал жана маалымат булагы экенин белгиледи.
Мамлекет башчы маалыматтарды берүү ыкчамдыгы, алардын сапаты жана анын чындыкка дал келишин камсыздоо үчүн маалыматты чогултуу жана аны иштеп чыгуунун жаңы прогрессивдүү ыкмаларын киргизүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи. Мында ал эл аралык практикада колдонулган эрежелерге жана стандарттарга ылайык илимий жолдорду жана алдынкы ыкмаларды колдонуу керектигин эскертти.
Президент “КМШга катышуучу мамлекеттерде 2020-жылдын раундунун калкты каттоону жүргүзүү жөнүндө” КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин алкагында калкты жана турак фондун каттоого даярдык көрүү жумуштарын кылдат, сапаттуу өткөрүү керектигин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатын баалоо жана ишке ашыруу үчүн бул иш-чаранын маанисин баса белгиледи.