Өзбекстанда 2 жылга чейин жеке ишкерлерге текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев парламенттик отурумда айткандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, өзбек калкынын башчысы тынымсыз текшерүүлөр өлкөдө ишкерликти өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизип жатканын айткан. Ошондой эле ал текшерүүчү органдардын ишмердүүлүгү талапка такыр жооп бербегендигин белгилеген.
"Айрым текшерүүчүлөр кадимкидей эле ишканаларды ээлеп алып, келемиштей үстүнө отуруп алган. Алар ишкерлердин иштешине жана өнүгүшүнө жолтоо болуп жатат. Эң эле көп текшерген салык кызматы, алар өздөрүнө өздөрү текшерүү үчүн уруксат берет экен, бул эмне деген систем? Мындан ары текшерүү президенттин жеке уруксаты менен электрондук системде жүргүзүлөт. Мындай ыкма менен иш жүргүзүп көрөлү, ишкерлер кандай жыйынтык берет экен. Дайыма жакшы жайынтыктан үмүт кылабыз", - деген президент.