Дастан Жумабеков: "Пахта өстүргөн жарандарга акчалай жардам берүүнү карап чыгышыбыз керек"

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жумабеков Ош шаарында болуп "Ак-Текс" пахта тазалоочу заводунун иши менен таанышты.

Маалыматка ылайык, суткасына 60 тонна пахтаны тазалап, 22 тонна була чыгарган бул заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу 12 миң тонна. Ага ылайык, быйыл бир катар пахта өстүрүүчү чарбалар менен келишимдер түзүлгөн. Заводдун жетекчилиги билдиргендей, учурда 6900 тонна иштетиле элек түшүм бар жана 2600 тонна пахта буласын кайра иштетүү пландалууда. Ишканада 97 адам эмгектенип, өндүрүлгөн продукция Орусия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

Ошондой эле жолугушуу учурунда Советтер Союзу тарагандан бери солгундап калган пахта өндүрүшүн кайра жандантуу менен ата мекендик текстиль тармагын өнүктүрүү зарылчылыгы айтылды.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай чакан ишканалардын ишин жакшыртуу менен өлкө экономикасын өнүктүрүүгө болорун белгилеп: "Өкмөт пахта иштетүү жаатындагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдалануусу керек. Алсак, Түркияда мамлекет тарабынан атайын милдеттеменин негизинде дыйкандарга каржылык жардам берилип, өндүрүлгөн түшүмдү атайын ишканаларда иштетишет. Биз дагы бул тажрыйбадан алып, пахта өстүргөн жарандарга субсидия (акчалай жардам) берүү жагын карап чыгуубуз абзел", - деди.

Төрага сапардын алкагында аймактагы бир катар социалдык-өндүрүштүк мекемелердин иши менен таанышуусу мерчемделген жана облустун активи менен да жолугушуу болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан