Оштогу көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатын оңдоого канча миллион сом сарпталары айтылды

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош шаарындагы көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатында билим алып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 115 окуучу тарбияланган мектеп-интернатынын ички шарттары менен таанышкан төрага жаңы салынган ашканасын да көрүп чыкты. Андан соң окуучулар жана мугалимдер жамааты менен жолугуп, алардын сунуш-пикирин укту. Адистештирилген мектептин директору Айгүл Кудайкулова имараттын жылуулук системи, окуу класстары, жатакана жана спорт залы оңдоп-түзөөгө муктаж экенин маалымдап, буга жалпысынан 4 миллион сом сарпталарын билдирди. Ошондой эле тышкы спорт аянчасы менен мектеп-интернатынын тосмолору да жаңыланышы керектигин айтты.

Мындан соң Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын каржылоосу менен курулуп жаткан Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясынын курулушу менен таанышты. Маалым болгондой, 630 окуучуга ылайыкташтырылып, курулушу кызуу жүрүп жаткан үч кабат мектеп имараты кийинки окуу жылында эшигин ачары күтүлүүдө.

"Достуктун борбору болгон бул билим уясы элдин ынтымагын чыңдап, туугандык мамилесин бекемдөөгө өбөлгө болот. Андыктан коңшу өлкө 4 миллион доллар бөлүп, курулушу башталган мектеп-гимназиясынын имаратын сапаттуу бүткөрүү керек", - деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1936-жылы курулуп, 2008-жылы жер титирөөдөн кийин колдонууга жараксыз болуп калган. Учурда мектептин окуучулары жакын жайгашкан №18-мектеп-гимназиясында 3 бөлүк менен окууга мажбур. Өткөн аптада Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттери мектеп куруу тууралуу Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялап берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан