Американын "Forbes" журналы жүргүзгөн рейтинг боюнча Кыргыз Республикасы бизнес үчүн эң начар өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу аталган журналдын сайтында жарыяланган.
Маалым болгондой, финансылык-экономикалык журнал 12 жылдан бери 153 өлкөнүн бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттарын иликтеп келген. Анын натыйжасында Кыргыз өлкөсү 123-орунда болгон.
Рейтинг жүргүзгөн эксперттер 15 жагдайды эске алган. Анда менчикти коргоо укуктары, ишкерликтеги жаңычылдыкты жайылтуу, салыктын көлөмү, коррупциянын деңгээли, инвесторлордун корголуусу жана башкалар.
Инвестиция тартуу үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн алдынкы ондукка:
№1 — Улуу Британия
№2 — Жаңы Зеландия
№3 — Нидерланды
№4 — Швеция
№5 — Канада
№6 — Гонконг
№7 — Дания
№8 — Ирландия
№9 — Сингапур
№10 — Швейцария кирген.
АКШ 12-орунда турса, Орусия 58-орунда экени аныкталган. Ал эми коңшу Казакстан 65-орунда болсо, Өзбекстан 99-орунда. Тажикстан 108-орунга чыгып иликтөөгө кирген Орто Азиядагы мамлекеттердин арасынан Кыргыз мамлекети акыркы орунда калды.
Ал эми 153 өлкөнүн ичинен бизнес үчүн эң ылайыксыз шарттар түзүлгөн акыркы ондуктагы мамлекеттер :
№144 — Венесуэла
№145 — Зимбабве
№146 — Бурунди
№147 — Гвинея
№148 — Йемен
№149 — Ливия
№150 — Ооганстан
№151 — Гаити
№152 — Гамбия
№153 — Чад.