Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Бирок 23-декабрда эртең менен анын Фейсбук менен Инстаграмдагы жеке баракчалары ачпай калгандыгын жазышат чет элдик маалымат булактары.
Маалыматта жазылгандай, "Медиалогиянын" жүргүзгөн рейтинги боюнча Кадыров эң көп кызыгуу жараткан саясий-блоггер. Анын Инстаграмдагы баракчасына 3 миллиондон ашык колдонуучу катталган.
Буга чейин Кадыровду Чеченстандагы адам укуктарын бузган деген айып менен АКШ "Магнитский актына" байланыштуу санкцияга киргендердин тизмесине кошкон. Санкцияга ылайык, америкалык компанияларга Кадыров менен иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Рамзан Кадыров мындай маалымат тарагандан кийин дароо анын жеке баракчалары тосмолонгондугу таң калычтуу экенин белгилеген.
"Мени нааразы болот деп ойлоп жатышат, бирок андай эмес. Мен Инстаграмдын жана анын "Ак Үйдөгү коргоочуларынын" ишине биринчи жолу ыраазымын, менин аккаунтумду тосмологондугу үчүн. Мен бул баракчалардан өзүм да чыгайын деп жүргөм", - деп жазган башка социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Ал буга АКШ бийлигинин тиешеси бар деген шек жаралып жатканын кошумчалап, мындан ары башка социалдык түйүндөрдү пайдаланарын билдирген.
Ал эми сөз болуп жаткан социалдык түйүндөр азырынча бул тууралуу билдирүү тарата элек.
Рамзан Кадыров Чеченстанда Mylistory деп аталган социалдык түйүн иштелип жатканын, ал Жаңы жылдан кийин ишке кире тургандыгын белгилеген.