23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Жолугушууда төрага Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында аймактагы таза суу, канализация маселелери менен таанышып, бир катар социалдык объектилердин курулушунан кабар алганын маалымдап, Өзбекстандагы расмий сапары тууралуу да учкай кеп кылды.
“Ташкентте болгон расмий иш сапарда Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тыгыз алакалар жана келечектеги пландар боюнча бир катар маселелерди талкууладык. Өзбек эли кыргыз тарап менен ынтымакта болуп, алгылыктуу иштерди алып барууга ынтызар экенин билдирди”, - деди Жумабеков.
Ошондой эле ал өлкөдө экономикалык жылыштар болуп, өкмөттүн 40 кадам программасы ишке ашып жаткандыгын билдирди.
Мындан тышкары парламент спикери мыйзам чыгаруу ишине төрага катары жардам берерин убадалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттары турак жай үчүн жер маселеси курч болуп жатканын маалымдашты. Алардын айтымында, Ош шаарынын бир топ жерлери кошуна райондор менен чектешкендиктен, айрым социалдык маселелерди чечүүдө талаш-тартыштар болуп келет, ошондой эле айрым шаар көчөлөрү реконструкцияга өтө муктаж.
Төрага айтылган көйгөйлөрдү эске алып, тиешелүү органдарга билдирүү менен маселени чечүүгө жардам берерин билдирди.