Каржы министрлиги: "Кыргыздын билим берүү тармагын жакшыртууга Европа 10 миллион евро берүүнү чечти. Акча жакында келет"

Кыргыз мамлекетинин билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Европа биримдиги гранттык негизде 10 миллион евро берүү чечимин кабыл алды. Аталган каражат өкмөттүн эсебине жакынкы күндөрү келип түшө турганын Каржы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул гранттык каражаттар окуу китептерин сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системин каржылоого жана бардык мектептерде интернетти орнотууга жумшалат.

Мындан тышкары Европа Биримдиги бюджеттик колдоого кошумча иретинде Каржы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңешке саясат маселелери боюнча сунуштарды, техникалык жардамды берет жана алар үчүн окууларды өткөрөт.

Бул каражат өкмөткө 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана 2016-2017-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашырууга көмөктөшө турган жалпы суммасы 36 миллион еврону түзгөн бюджеттик колдоо программасынын бир бөлүгү.

Программанын максаты - жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системин реформалоого, билим берүүнүн жана педагогикалык стандарттардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик каржыларды башкарууну жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nurbekasr
2017-12-24 12:02:06
Шылтоо кылып акча сурашат,жыйынтык нөль жеп ичишип.Акча келсе 2 3 млн еврону арам тамагына сугунушат да какап өлгүрлөр.
+11
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-24 12:09:37
100 000 миллиард евро болсо да колунан иш келбейт жешет оздору
+8
KGstan1981
2017-12-24 12:45:05
Чиновниктер чыдамсыз менен 10 млн еврону кутуп жатышса керек.Кайсыл жол тандабас машинени алсам деп план тузуп жатышса керек.
+8
bayanis
2017-12-24 12:57:13
коро жатарбыз мектептерге качан интернет орнотушун! жарылып олгурлор эч акчага жалчыбады 26 жылдан бери насыя грант болуп эле келет озгоруу жок. же акчага тойсо олойун.
+8
Artur555
2017-12-24 13:16:46
Молодецтер, алтындарым ошол 10 млн долларды алгыла да капчыгынарга болуштуруп салгыла пайда болот озунорго, эл билбесин, 6 жыл алмай чонтоко салмай Алтындарым.
+6
Saidochka
2017-12-24 13:31:01
Бул акча дагы жеп тойбогурлардын курсагына кетет,же алар тоюп олбоду.а мектептердин акыбалы мышык ыйлагыдай...коробуз кыйраткандарын((
+5
talaa11
2017-12-24 14:01:56
Билим беруу тармагына деп Бекер жалган созду айтбагылачы башты оорутуп. Биз 120жепжутарлар кардыбыз ачты тойбой атабыз дебейсинерби
+3
Artur555
2017-12-24 14:47:39
talaa11, бул жерде ,120 депутаттар эмес, билим беруу министрилиги жана окмоттогулор жепжутарлар, бийлик отмоту корупционерлер.
0
stal.ks
2017-12-24 14:42:13
мектепге чейинки балдарыбызга бардык нерселерин озубуз алып берип жатабыз, айткан нерсенер жазуу турундо эле калатго
+1
mr.sher
2017-12-24 15:29:15
Чиновниктер тен болушкуло болбосо чукумай болуп кетет.
+3
munar1980
2017-12-24 15:46:01
Бергени жакшы акчаны эми ошол акча билим боюнча жумшалат бекен деген ой жаралып жатат баары бир биздин чондор жейт жок дегенде жарымын .
0
KUBI
2017-12-24 16:00:25
Билим беруу жакшырбай эле, 50 киши олигархка айланат.Мына сага онугуунун буткон жери.
0
FIFA7
2017-12-24 16:08:12
Андай гранддардан канчалаган ммллиарддар келип жатат, бирок натыйжа жок.
0
jugorsk
2017-12-24 17:08:49
Аа байкуштар кудай силерге боор оруптурда машынар жогун машына алгыла бар болсо жанылап алгыла,эл эмне эптеп жашап туратта чыдап тешип чыккырлагыр
0
Azatbek83
2017-12-24 21:09:17
ХХХХ акчаны кара курсагынарга тыгып экс Эл баатыры болуп мен мультимилиенер болгом деп чардап журо бергиле
0
tular
2017-12-25 09:34:56
Бул гранттын келгенине суйунбош керек... себеби акча берип окуу системасын талкалашат... акысыз сыр бир гана капканда болот. Европа олколоруно эмне пайда бекер эле акча бере беришеби, ойлонгулачы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан