Өзбек калк башчысы Шавкат Мирзийоевдин кичүү кызы Шахноза Умарова министрликтин жооптуу кызматына дайындалды. Бул тууралуу маалыматты өзбек басылмалары жазууда.
Ага ылайык, президенттин кызы Мектепке чейинки билим берүү министрлигиндеги ата мекендик системди реформалоого жооптуу катары кызматка дайындалган. Аталган министрлик Мирзийоевдин буйругу менен ушул жылдын сентябрь айында түзүлгөн.
Буга чейин 18-декабрда Шавкат Мирзийоевдин өткөргөн отурумунда Умарова аталган министрликтин жетекчиси Агриппина Шинге катарлаш отургандыгын жазат жергиликтүү басылмалар.
Буга чейин Мирзийоев Өзбекстандагы мектепке чейинки билим берүү системин толугу менен өзгөртүү керек экендигин айтып келген.
"Бизде бала бакчалар балдардын ата-энеси жумуштагы учурунда аларды алаксытып туруучу мекемелерге айланган. Балдарга сүйлөө, математика, физика-психологиялык, чыгармачылык боюнча билим берүү жайылтылган эмес. 3-4 жыл аралыгында өлкөдөгү мектеп жашына чейинки балдардын баары бала бакчага бара тургандай деңгээлге жетишибиз керек", - деген мамлекет башчы.
Мындан тышкары мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары Кахрамон Арипов бул түзүм Түштүк Кореянын системи менен иштей тургандыгын жакынкы күндөрдө берген интервьюсунда айткан.
Шахноза Умарованын курбусунун маалыматына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, 31 жаштагы Умарова атасы президент болгонго чейин бир нече жыл Түштүк Кореяда жашаган.
"Анын жолдошу Отабек Өзбекстандын Түштүк Кореядагы консулдугунда эмгектенген. Алардын кызы Кореяда төрөлгөн жана Шахноза андагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жакшы өздөштүрүүгө үлгүргөн. Анын тажрыйбасы өлкө жетекчиси койгон максатка жетүүгө жардамын тийгизет", - деп жазылат маалыматта.