Ош шаарында Жаңы жылга карата уюштурулуп жаткан иш-чаралар тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Анда майрамдын алкагында өтө турган оюн-зооктордун программасынын тизмеси түзүлгөн. Майрам алдында шаардыктар программанын негизинде эс алуусун пландоосу эске алынып, тизме жарыяланганын билдирет маалымат кызматы.
14:00-16:00 — Ош шаарында жайгашкан балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектер тапшырылат.
18:00 — Мэриянын жаштарга арналган жаңы жылдык кечеси уюштурулат. Ага Ош шаарынан 500гө жакын мыкты окуган студенттер, эл аралык таймаштарда байгелүү орундарды багындырган спортчулар, жаш депутаттар, жаш ишкерлер, ишкана-уюмдарда жана ЖМК тармагында эмгектенген жаштар чакырылган.
31- декабрь14:00-16:00 — Борбордук аянтта Жаңы жылды тосууга арналган майрамдык программаны шаардык билим берүү башкармалыгынын чыгармачылык тобу баштайт.
16:00-17:00 — №1 Саид Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин Жаңы жылды тосууга арналган концерттик программасы уланат. Ош шаардык маданият башкармалыгынын колдоосу менен балдар үчүн цирк өнөрпоздорунун шоу-программасы тартууланат.
17:00-18:00 — Пётр Чайковский атындагы искусство мектебинин жаңы жылдык концерти башталат.
Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт.
18:00- 19:40 — Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын чыгармачылык тобу жаңы жылдык концертин баштайт.
Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек драма театрынын кызматкерлери жаңы жылдык концертин тартуулайт.
19:40-20:00 — Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдындагы чыгармачылык топторунун жаңы жылдык иш-чаралары калаа тургундарына тартууланат.
20:00- 20:10 — Борбордук аянтта жаңы жылдык шоу-программанын негизги бөлүгү башталат.
20:15-20:25 — Жаңы жылдык фейерверк.
20:40-22:00 — Ош шаардык Жаштар комитетинин чыгармачылык тобунун жаштар үчүн жаңы жылдык бий кечеси болот.
22:00-00:00 — "Жаңы жыл-2018" майрамдык оюн-зоок программасы аяктайт.