Чубак Жалиловдун "депутаттардын да экинчи аялдары бар" деген сөзүнө укуктук баа берүү талап кылынды

Буга чейин диний ишмер Чубак Жалилов айрым маалымат каражаттарына берген маегинде "депутаттардын да экинчи аялдары бар, мен никесин кыйып бергем" деп айтканы коомчулукта кызуу талкууга алынган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жалиловдун мындай пикири үчүн укуктук баа берилиши керектигин талап кылып, Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ар бирине 6 барактан турган кайрылуу жолдогон. Бүгүн, 24-декабрда Абдирасулова кайрылууну парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жана "Ата Мекен" фракциясы карап, тийиштүү органдарга жибергенин SUPER.KG'ге кабарлады.

"Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлгө алат. Эки аялдуулукка каршы мыйзамды депутаттар өздөрү кабыл алгандан кийин Жалиловдун алардын дарегине айтып жаткан сөзү үчүн унчукпай туруп албай, жооп бериши керек. Ошондуктан мен ар бир депутатка "Жалиловдун айтканын ырастагыла же жокко чыгаргыла" деп кайрылуу жолдогом. Жогорку Кеңештин бир фракциясы жана бир комитети кайрылууну карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн фракция Ички иштер министрлигине, ал эми комитет Башкы прокуратурага жиберди. Бул боюнча мага 22-декабрда кат келди", - деди укук коргоочу.

Эске салсак, Чубак Жалилов ноябрь айынын аягында элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан.

Мындан улам Бишкек ШИИББи диний ишмерди 2-декабрда жана 4-декабрда суракка алган. ШИИББ Жалилов суроолорго жооп берип жатып "биринчи аялым расмий, экинчи аялым сүйүктүүм" деп айтканын жарыялаган эле. Андан кийин эле диний ишмердин мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган болчу.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Firdaus-Muslim
2017-12-24 21:08:20
А Абдырасуловага дин душмандары акчанын көгүнөн дадил эле сунуш кылган окшойт менимче, Чубак ажыга эле асылып калды. Башка көйгөйлөр жокпу Кыргызстанда. Кыйын экен, сауналарды ж.б тыйбайбы.
+11
Gulnyr19
2017-12-24 21:39:11
Чын эле аялы кызганып чыкпай эле бул эже чыгып жататко. Кыла турган ишти кылгыла укук коргоочулар
+9
Ferdews
2017-12-24 21:52:49
Урматтуу Азиза Чубак ажыга эле асыла бербей, башка маселерди да карасаныз жакшы болмок.Мисалы:эки баласы менен кочодо калган келиндин укугун,ж.б
+9
Salixa.
2017-12-24 22:24:35
Азиза Абдурасулова ,чет өлкөнү айтпайлы бул өзүбүздүн мекенде эле канчалаган кыз келиндерибиздин укуктары тебеленип жатат ,жакында эле соц.сеттерде үч баласы эгиздери менен эри таштап кеткен ,үйү жок көчөдө калган чооң энелерибиз жүрөт ,ошолордун укугун коргоп бербейсизби.Укугун коргой турган иштер толтура а сиз ким үчүн жана эмне максатта ,жана кимдердин укугун коргоп жүрөсүз .
+7
Rifle_I
2017-12-24 22:37:44
Кылаарга иши жок депутаттарга иш табылган турьайбы ?
0
Fatimka
2017-12-24 22:42:09
Кыргызстада 1 орунда жаш балдардын укугу бузулуп жатат. Эмнеге абдрасулованын козу ошону корбойт, кулагы ошону укпайт. Ошол маселени эмнеге мынчалык куйуп бышып которбойт?
+5
KAYRATBEK
2017-12-25 00:09:43
Иттер уро берет биз алдыгы жылып кете беребиз. Туугандар ар кандай болбогон бир нерсеге убактылуу жашообузду коротпойлу. Эмнеге жаралганыбызды туура тушунуп бизди жараткан заттын айтканын кылып жашай берели калганы болбогон жоо жомок. Эч эч комент жазып башынарды оорутпагыла жондон жон бири бирини капа кыла бербегиле баары бир жараткандын айтканы болот биздин эмес. Мусулмандар конул бурбагыла бир баары бир алдыдабыз ошого баш оорутуунун кереги жок.
+1
Adyl1502
2017-12-25 01:38:55
Камаганы калдыңар бул кишини да
0
Adyl1502
2017-12-25 01:42:06
Азизага бирөөлөрү пардан берип атат окшойт
+3
admin_superstan
2017-12-25 10:04:41
nurbekasr, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-12-25 10:07:32
voennyi88, azabraza, этика нормаларын сактаңыздар.
0
tular
2017-12-25 10:12:36
Урматтуу Азиза Абдурасулова эжеке, сиз менен кантип байланышсам болот?! Мен сизге укуктарын коргой турган, чыныгы жардамга муктаж кыз-келиндерди таап берет элем. Ал оной эле кечинде сиз менен чогуу Бишкек ш. Ибраимов кочосун кыдырып коргозом, жана Ош базарынын тегерегин, эртеси Сокулукка барабызда саунасынын баардыгын коргозуп берем, учунчу куну болсо Токмок шаарына барабыз... Ошондо сиз эрдик кылмаксыз...
+3
Krai
2017-12-25 13:19:58
Бул катын батыштын акчасын алып же болбосо жоотордун акчасын алып чубак ажыны жок кылуу милдетин алган го
Кайтаар дуйно эртен эле келет сенин да башына ошондо аттин кылаарсын
+1
Bekzamann
2017-12-25 15:01:21
Уят ушул аял эч пайдасы жок иштер менен белгилуу болду. Озоктон чыккан орт жаман оздон чыккан жат жаман. Же Кадыржанды Батыровду коргоп жургон болот же Азимжан Аскаровду коргоп жургон болот.Батыштын акчасын алып башкесерлерди коргойт анан болсо диний аалым ажыкебизге мынча асылат уялбай..
+1
beka-9009
2017-12-25 17:07:11
Менимче Азизахан озун танытуу учун еле жабышып атат укук коргогон адам болуп ошондой еле коргойт екен андан башкасыны коргобойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан