SUPER.KG порталындагы "Элдик видео" бөлүмүнө "Атактууларды дал өзүндөй туурап салды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодон жигиттин ди-джей менен ырчынын маегин өзү жалгыз "аткарганын" көрүүгө болот. Анда жигит алып баруучу Дария Санташева менен ырчы Каныкейдин радиодогу эфири жүрүп жатканын дал өзүндөй туурап, улам үндөрү өзгөрүлүп турат. Маектин соңунда "Санташева Каныкейден ырдап берүүсүн өтүнүп, Каныкей ырдап берет". Мунун баарын жалгыз аткарган баланын ырдагандагы үнүн Каныкейдин үнүнөн ажыратуу дээрлик мүмкүн эмес. Анын бул өнөрүнө достору күбө болуп отурушканы көрүнөт видеодо.
Видео социалдык тармакка чыгып, көпчүлүк ал баланын өнөрүн баалап, ийгилик тилеп жатат. Ошол эле учурда үндөрдү мынчалык окшоштуруу мүмкүн эмес, жаздырып алган болушу мүмкүн деген ойлор да жазылган.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.