Жогорку Кеңеште Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралат.
Мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максатында иштелип чыккан. Мындай демилге Кара-Суу көлүндөгү балыктардын түрлөрүн сактап калуу, бул аймакка туристтердин келишин шарттоо, өрөөнгө жергиликтүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоого багытталган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев, Карамат Орозова, Абдувахаб Нурбаев, Абдыкапар Султанов, Рада Туманбаева, Эмил Токтошев, Жунус улуу Алтынбек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан