Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыккан жумушчу топтун иликтөөсүнүн корутундусу жарыяланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жумушчу топтун курамында депутаттар Рыскелди Момбеков, Алмазбек Эргешов, Айсулуу Мамашова, Кожобек Рыспаев бар. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев да чакырылган.
Анда жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө мыйзамдын аткарылышы менен медициналык тейлөөнүн шарттарын иликтеп чыккан жумушчу топ маалымат берет.
Айта кетсек, өлкөдө жогорку билимдүү дарыгерлердин жетишсиздиги, медициналык мекемелердеги тейлөө шарттары чоң көйгөйлөрдүн бири. Расмий маалыматка караганда, учурда он миң адамга 21 дарыгер туура келет.