Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети балык чарбасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 3-окууда карап жактырды.
Бул долбоор Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максатында сунушталган. Мындай демилге Кара-Суу көлүндөгү балыктардын түрлөрүн сактап калуу, бул аймакка туристтердин келишин шарттоо, өрөөнгө жергиликтүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоого багытталган.
Мыйзам долбоорунун авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев, Карамат Орозова, Абдувахаб Нурбаев, Абдыкапар Султанов, Рада Туманбаева, Эмил Токтошев, Алтынбек Жунус улуу.