Шашылыш билдирүү! Эртең суук түшүп, кар жаайт

26-28-декабрь аралыгында өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

26-декабрда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет.

27-декабрда күндүз жана 28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
adi_ko.kg
2017-12-25 13:14:42
Уррра кар жаайт экен
+15
aselushka
2017-12-25 14:16:46
Кыштын кыштай болгону эле жакшы, байчечекей гулдогону калды эле...
+16
ziash85
2017-12-25 16:25:40
Жаасынчы бир.күтүп калдык
+9
Medina87
2017-12-25 21:00:54
Бизде б.а. Алматыда да аба-райы жылуу.
Менин бир канча жылдык баамдоом боюнча Бишкек менен Алматынын аба-ырайы жарты кундук айырма бар. А так, бирдей.
Сагындым туулган жерим КЫРГЫЗСТАН!!!........
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-25 22:25:46
Аллага рахмат
+2
Kominam
2017-12-25 22:41:31
А мен сууктан корком. Бирок жаны жыл карсыз корксуз болуп калат, андыктан аппак кар жаашын кутобуз.
+1
urmat94
2017-12-25 22:58:59
Каар жаасын бирок жолдор тайгалак болбойле койсунчу ))
+1
Jumahmatov
2017-12-26 11:15:00
А мен кундун жылуу болушун Аллахтан суранат элем туберкулез менен ооруп журом мага суук болбойт Апам эшикке чыгарбай уйдо алып отурат суукта бок барбы деп ушул себептен жылуу болсунчу деп тиленип жатам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан