Бүгүн, 25-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Америкалык "Forbes" журналынын рейтингинде Кыргыз Республикасы бизнес үчүн эӊ начар өлкөлөрдүн катарына киргизилип, 153 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээледи. Алдыда Улуу Британия, Нидерланды өӊдүү өлкөлөр болсо, Гаити, Чад өӊдүү Африка өлкөлөрү тизменин этегинде. Рейтинг түзүүдө менчикти коргоо, салыктын көлөмү, коррупциянын деңгээли, инвесторлорду коргоо өӊдүү 15 жагдайга көӊүл бурулган.
Ишкерликке шарт түзүүнү Кыргыз бийлигине улам жаңы топ келген сайын убадалайт. 2015-жылдын 31-августунда "Ала-Тоо" аянтында сөз сүйлөгөн ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев "өкмөттүн №1-планы Кыргыз жерин ишкерлер үчүн бейишке айлантуу" экенин айткан. Бийлик 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаганда да бизнеске шарт түзүүгө буга чейин Баш мыйзам жол бербей келгендей түр көрсөткөн. Ал кездеги убадаларга ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз жеринде бизнести текшерүүчү органдар кескин азайып, Кыргыз өлкөсү бизнести колдоо жагынан КМШда алдыга суурулуп чыкмак. Быйыл сентябрда Алмазбек Атамбаев дагы бир жолу "Кыргыз жерин ишкерлер үчүн бейишке айландыруу керектигин" айтты. Жакшы ойлор айтылганы менен азырынча ишкерлер күткөн бейиш жок. Тескерисинче, "Forbes" басылмасынын изилдөөсүндө Кыргыз өлкөсү Орто Азия чөлкөмүндө акыркы орунда калды. "Ишкерликти колдойт" деген мыйзамдар өлкө казынасына миллиондоп чыгаша алып келүү менен "жыйынтык" көрсөтүүдө. Мисалы, Жогорку Кеӊеш 2015-жылы импорттук буудайды салыктын бир түрүнөн бошотууну ун өндүрүүчүлөрдү колдоо деп атаган. Аягында бул мыйзамдан өлкө 680 миллион сом зыян тартканы эсептелип чыгып, жеӊилдик кайра жокко чыгарылды.
2014-2017-жылдары өлкөдө мыйзамсыз ишкерлик менен алектенүү фактысы боюнча 418 кылмыш иши ачылып, 1 эле адам соттолгон. Депутаттар козголгон иштердин көбү сотко жетпей жатканын, тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароо зарылдыгын айтып чыгышкан. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турганда бизнес-климатты жакшыртууда кандай иштер жасалганы жөнүндө түшүндүрмө берген эле. Ага таянсак, өкмөт ишкерликти жɵнгɵ салган 3344 документке анализ жүргүзүп, эксперттерден сунуштарды алды. Бизнести текшерүүчү мамлекеттик органдардын саны 13төн 10го, текшерүүнүн мөөнөтү 30 күндөн 15 күнгө кыскарган. Кыргыз өлкөсүн бизнестин бейишине айлантуу үчүн инвесторлорду тартуу, алардын укуктарынын корголушуна кепилдик берүү, мамлекет тарабынан түзүлүшү керек болгон шарттарды, инфраструктураны жакшыртуу, мамлекеттик бардык органдын деӊгээлинде кездешүүчү коррупцияны жоюу өӊдүү толгон-токой иштерди жасалышы керек болот.
Жыл башында Өмүрбек Текебаев өкмөт ишкерликке шарт түзүүдө мыйзамдарга оӊдоп-түзөө гана киргизип, чечкиндүү кадамдарга барбай жатканын сындаган. "Ишкерликти колдоодо мыйзамдарды майдалап сунуштабай, топтом менен алып келүү керек", - деген Текебаев. Жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өлкөдө бизнести текшерүүгө 2 жылга тыюу салынарын айтып чыгып, бул аракет колдоого алынууда. Быйыл октябрда Алмазбек Атамбаев ишкерлердин үмүтүн "Таза коом" долбооруна байлап, бул долбоор аркылуу Салык кызматы менен ишкерлердин түз байланышы жоюларын айткан. 19-декабрда төрага Дастан Жумабеков парламент бизнести күтүүсүз текшерүүлөрдөн сактай турган мыйзам кабыл аларын билдирди. Мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлары күтүлүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Сапар Исаковду алдыда көп иштер күтөт. Кыргыз жерин "бейишке" айлантуу оӊойго турбайт. Калыптанып калган эски системдин жактоочулары Жогорку Кеӊештен, Ак Үйдөн, өкмөттүн өзүнөн деле көп чыгат…
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Астанага расмий иш сапары менен барды. Кыргыз президенти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен сүйлөшүү жүргүзөт. Негизги тема - эки өлкөнүн кызматташтыгы, ЕАЭБдин алкагындагы мамиле.
Жээнбеков президент катары биринчи жолу Назарбаев менен 30-ноябрда Беларуста жолугушкан. Анда Кыргыз-Казак кризисин чечүүнү сүйлөшүп, өкмөттөр ортосунда Жол картасына кол коюлган эле. Ошентип 1,5 ай түйшүк жараткан Кыргыз-Казак чек арасындагы абал жөнгө салынып, кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштаган. Бүгүн өлкө жетекчилери мурда кол коюлган документтердин натыйжасын талкуулашат. Казакстан - Кыргыздын ЕАЭБдеги өнөктөшү, өлкөдөн экспорттолгон товарлар биримдиктеги башка өлкөлөргө Казакстан аркылуу өтөт. Андыктан Жээнбековдо бузулган мамилени оӊдоодон башка жол жок...
"Ата Мекендин" юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул чектөө алар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сот тарабынан салынган айыпты төлөгөндөн кийин алынат.
Эске салсак, 2017-жылдын март айында Башкы прокуратура "Заноза" сайтын жана Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованы Боинг кырсыгына байланыштуу билдирүүсү боюнча "жалган билдирүү жасап Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди" деп сотко берген. 4-июлда Октябрь райондук соту Токтакунова менен Канат Азизди 10 миллион сом, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сомго доого жыгып, бул чечимди 4-октябрда Бишкек шаардык соту, 30-ноябрда Жогорку Сот күчүндө калтырган. Адегенде Токтакунованын үй-мүлкү камакка алынган. Кийинчерээк Токтакунова менен Канатбек Азиздин маяналарына арест коюлган. Эми аларды чет өлкөгө чыгарбоо чарасы көрүлдү. Ошентип мурунку президентке карыздан улам чет жакка чыга албай отурган адамдардын саны 2 кишиге өстү...