Бишкектеги соода борборлорунун биринде өткөн көргөзмөдө итке калпак кийгизип, кызуу талкууга алынган иштин чоо-жайын эми Биринчи Май РИИБи карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.
"Бул окуя боюнча текшерүү иштери башталды. Бирдиктүү каралып, баа берилет. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, ошого жараша тийиштүү тарап жазага тартылат", - деди ал.
Эске салсак, 22-декабрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде итине калпак кийгизип иттердин көргөзмөсүнө катышкан кыз интернетте кызуу талкууга алынган.