Премьер-министр Бишкектеги ботаникалык бакчанын тегерегиндеги санитардык коопсуздукту сактабаган күркөлөргө тазалоо тапшырмасын берди

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаардык ботаникалык бакчанын аймагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы акыркы жылдары ботаникалык бакчадагы көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурула баштаганын айтты.

"Мамлекеттик органдарга бакчага тийиштүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарын айтуу боюнча тапшырма берилген. Биз бакчанын өнүгүшүнө жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуубуз зарыл. Ботаникалык бакча баарыбызга керек. Ошондуктан бакчаны кайрадан калыбына келтирип, шаардыктардын эс алуу жайына айлантуу зарыл”, - деди Сапар Исаков.

Эколог Эмил Шүкүров аталган бакча Борбор Азиядагы аянты боюнча чоң бакчалардын бири экенин баса белгиледи. “Бакча өзүнүн аянтын сактап келди, эми биз тараптан туура пайдалануу талап кылынат. Бизде ботаникалык бакча боюнча жогорку деңгээлдеги илимий кызматкерлер бар”, - деди эколог.

Жыйынтыгында премьер-министр Бишкек шаарынын мэриясына тез арада ботаникалык бакчанын айланасындагы санитардык коопсуздукту сактабаган күркөлөрдөн тазалоо тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazar
2017-12-25 14:52:24
Темага тиешеси жок болсо да бир пикир калтыргым келди. Кечирип койосуздар.
Биздин президентибиз Астанага барса шаар акиминин орун басары, премьер-министр орун басары күтүп алыптыр да. Ошондо эмне бизди президентибизди анча эле сыйлабагандыгыбы же тоготпогондугубу. Эгер башка өлкөнүн президенти барганда Назарбаев өзү күтүп алмак. Арданат экенсиң.
0
bazar
2017-12-25 15:00:48
Эми бизге Назарбаев келип калса өзүндөй кылыш керек, жабалактап баары жетип барбай. Сооронбай биз үчүн - Конституциянын гранты. Эң жогорку президенттик кызматтагы адам. Казак туугандар, кайсы кызматтагы орун басардын деңгээлинде санап тымызын шылдыңдап жатат бизди.
0
Eksvp_1
2017-12-25 15:02:02
Тарынычы жазыла элек экен казактардын.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-25 15:20:08
Назарбаев деле билет кидин ким экенин ал жонокой адам эмес. Сокени кыргыз эли оз каалоосу менен шайлаган жок оз эли сыйлабаса башка бироо сыйламак беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан