Депутат: "Эгемендүүлүктү алгандан бери биздин балдардын өрчүүсү башкалардан артта калууда"

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында наристелердин өнүгүүсү боюнча маселе каралды. Тактап айтканда, төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдардын өнүгүүсүн алдыга жылдыруу базалык стандарты жана 7 жашка чейинки баланын өнүгүү күндөлүгү жөнүндө мыйзам долбоору сунушталды. Анда наристе 3 жашка толгонго чейин эне менен баланы колдоо үчүн атайын күндөлүк китепчелерди таратуу сунушталат.

“ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, эгемендүүлүк алгандан бери биздин балдар бардык жактан башка мамлекеттерден артта калууда. Иликтөөлөрдө салмагы, аң сезими, бардык өрчүүлөрү артта калганы байкалган. Биринчи үч жашка чейин баланын тамак-ашы жакшы болушу керек. Балага көңүл буруу келечекте жакшы жыйынтык берет. Ошондуктан "стандарт жана балдар күндөлүгүн киргизүү маанилүү”, - деди депутат Алмаз Токторов.

"Балдарга төрөлгөндөн баштап үч жашка чейин өсүп-өрчүшүнө көңүл буруу адамдык капиталдын жана кедейчиликти жоюунун маанилүү стратегиясы. Кыргыз өлкөсүндө 2 миллиондон ашык балдар бар. Бул калктын орточо 40 пайызын түзөт. Жаш балдарга каражат салуу келечекте 7 эсе кайтарымы менен киреше алып келет. Ошондуктан балдарды өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырам. Балдар менен, алардын үй-бүлөлөрү менен иштөө маанилүү. Биз өкмөттөн балдар үчүн стандарттуу күндөлүктөргө каражат бөлүп берүүсүн суранабыз”, - деди ЮНИСЕФ Балдар фондунун башчысы Юкиэ Мокуо.

Депутаттар бул демилгени биринчи окууда колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jypara1415
2017-12-26 00:24:37
Кимге кандай билбейм . Жалпы алып караганда , менимче ата-энелер колдон келишинче балдарына конул буруп , болушунча шарт тузуп жатат . Байкашымча балдар азыр развитый тескерисинче . Менимче бул кундолукко бюджеттен акча болунгондун ордуна , жолок пулдарды берууну эртелетиш керек ар кайсы шылтоону айтпай . Башка олколордун балдарынан биздин балдар артта калып жатат дегенге кошулбайм .
0
Mikra
2017-12-26 01:26:17
Жолок пулду бергиле 2бала 3 бала дебей 1балалууларга дагы.тегиз бергиле.
+1
Mikra
2017-12-26 01:28:34
2 же 3 бала бала.ал эми 1бала бала эмесби.XXXX жон тегиз бергиле Кудайым наристелердин ырыскысы менен берет наристенин ырыскысы башка жагынарды тешип кетет жебегиле.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-26 08:26:41
Кеебирлер бир баланы аран багышат мейли ал жаны жолок пул мыйзамынар даяр эмес болсо айлыктарды кобойткуло 5 мин алгандар бар 15 мин кылгыла ошондо мыйзам бузулбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан