Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун экинчи окууда карап жатат.
Депутат Акылбек Жапаров ("Бир Бол") бул маселе боюнча пикирин айтты.
"27-июлда мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда жаңы жылдан баштап, 30 миңдей бала жөлөк пул ала албай кала турганы айтылган. Ошондуктан өкмөт сүйүнчү пул боюнча норма иштей берсе, калган жаңы өзгөрүүлөр боюнча 3 ай убакыт сурап жатат. Биз 6 ай убакыт сураганбыз. Бирок өкмөт 3 айда жетишебиз деп жатат. Биз ага деле макулбуз", - деди Жапаров.
Депутат Карамат Орозова (КСДП) кесиптешине кайрылып: "Бул мыйзам иштелип чыгып, өлкө башчысы кол койгон. Эми жаңы жылга аз күн калганда кайра президент менен өкмөт башчынын башын айландырбаңыз. Кемчиликтер болсо кошо жолго коёлу, бирок мыйзам иштесин. Баш мыйзамга ылайык, бардык балдарга мамлекет бирдей кам көрүшү керек. Байдын баласы, кедейдин баласы деп эч кимди бөлбөш керек", - деди Орозова.
Ал эми социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова мыйзамдагы оңдоонун зарылдыгын белгиледи.
"Балдардын жөлөк пулу үчүн бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом каралган. Азыр бир бала 810 сомдон алып жатат. Эгер акчаны жетиштиребиз десек, алар 500дөн алып калат. Эгер биз 500дөн берсек, ал эми калып калып жаткан 30 миң бала үчүн кошумча дагы 141 миллион сом керек болууда. Учурда жаш курагы жете элек 6 баласы үчүн бүгүн 5000 сом алып жатса, жаңы жылдан баштап 1500 сом гана алып калып жатат", - деди министр.