Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пулдар маселеси каралды.
Социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова мыйзамдагы оңдоонун зарылдыгын айтып, депутаттарды колдоп берүүгө чакырды. "Биз, өкмөт өзүбүздүн катачылыгыбызды моюнга алып, аны жолго коюу үчүн убакыт сурап жатабыз. Биз жөлөк пул ала турган ар бир бала үчүн жооптуубуз. Ошондуктан колдоп берүүңүздөрдү суранам", - деди Исакунова.
Комитет мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту экинчи окууда жактырды. Эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экинчи окууда каралат.