Ырчы Данияр Эрматов “Жүрөгүм” аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү Нурмат Садыровго, обону Нуралы Атамкуловго таандык, клипке Мансур Канназар режиссёрлук кылган. “Клип өзгөчө болду. Мындай клип биздин шоу-бизнес тармагында жок болчу. Анда эч кандай актёр же моделдер тартылган жок. Данияр менен тааныш балдар эле тартылды”,- деди продюсер Канат Кадыржан. Белгилей кетсек, ырчы Данияр Эрматов менен продюсер Канат Кадыржандын бирге иштешүү келишими дагы 2 жылга узарды. Алар 1 жылдай мөөнөттө бирге иштешкен болчу.