“Улуттук архивдик фондун санариптештирүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл”, - деп премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 25-декабрда Сокулук райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылышында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы тийиштүү мекеменин архивдик материалдарды сактоо, каттоого алуу жана колдонуу боюнча иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.
Сапар Исаков билдиргендей, Сокулук районунун мамлекеттик архивинин жаңы имараты бардык талаптарга жооп берген өлкөдөгү архивдик имараттардын алгачкы типтүү долбоору болуп саналат.
Премьер-министр 2015-2019-жылдардагы Кыргыз өлкөсүнүн архивдик ишин өнүктүрүү боюнча иш-чаралар программасынын алкагында мамлекеттик архивдерди капиталдык оңдоп-түзөп жана жаңы имараттардын курулушу боюнча иштер уланарын билдирди.
Андан тышкары өкмөт башчы "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын багыттарынын бири тарыхый, экономикалык, саясий, социалдык жана маданияттык баалуулукту камтый турганын айтты.
Маалымат боюнча, Сокулук райондук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Буга республикалык бюджеттен 24 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жаңы имарат 3 кабаттан турат. Анда жарандарды кабыл алуучу, архив сактоочу бөлмөлөр, жумушчу кабинеттер, окуу жана окутуу семинарларын өткөрүү үчүн жыйындар залы бар.