Парламенттик комитетте саламаттыкты сактоо министринин ишмердүүлүгүн кароо бир айга жылды

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги тармактык комитет жыйынында саламаттыкты сактоо министринин ишмердүүлүгүн текшерген жумушчу топтун жыйынтыгын кароону кийинкиге калтыруу сунушталды.

Курамында депутаттар да кирген жумушчу топ 70 барактан турган маалыматтарды алып чыккан. Бирок министр Талантбек Батыралиев маалыматтар менен толук таанышып бүтө электигин айтты.

Депутат Алмаз Токторов бардык маалыматтарды дыкат иликтеп чыгууга убакыт керектелерин айтып, бул үчүн бир ай убакыт сурады. Ушундай эле сунушту депутат Тазабек Икрамов да айтты. Комитет жыйынында бул демилгеге 5 депутат "макул", 5 депутат "каршы" болду. Комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова сунуш өткөнүн айтып, бул маселеге комитет бир айдан кийин кайрыла турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан