Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кызматтан кетирүү аракети болуп жатканын айтты.
"Биз комитет жыйынында мыйзамдуулукту сактоону карагандын ордуна кимдир бирөөнү кызматтан кетирүүнү карап жатабыз. Баарыбыздын оюбузда министрди кызматтан кетирүү мыйзамдуу болобу деген эле ой турат. Биздин кызыкчылыгыбыз кимдир бирөөнү кызматтан кетирүү болбошу керек.
Мен комиссиянын жыйынтыгын көрүп турам. Комиссиянын 13 мүчөсүнөн төрага кошулганда 7 киши кол койгон. Санаганды билебизби? Биз өз кесиптештерибизге ишенебизби же жокпу? Эгер комиссиянын жарымынан көбү жыйынтыкка кол койсо, биз бул маселени карашыбыз керек. Бирок бул жыйынтыкта мен чечимди тапкан жокмун. Эгер чечимде кимдир бирөөнү кызматтан алуу кызыкчылыгы болсо, мен ал чечимди колдобойм. Бул туура эмес!" - деди депутат.
"Биз өзүбүзгө укук коргоо органдарынын укуктарын алдык беле? Биз прокурор же тергөөчүбүзбү? Биз депутатпыз! Биз бир канча адилетсиз чечимдердин күбөсү болуп келе жатабыз. Келгиле, бул ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берели. Алар иликтеп чыксын", - деп кошумчалады Шер-Нияз.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев топтолгон материалдар Эсептөө палатасы жана Мамлекеттик сатып алуулардан топтолгондугун айтып, маселени кароо маанилүү экенин белгиледи.
Министр Батыралиев топтолгон материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүүгө каршы эмес экенин айтты.
Парламенттик комитет бул маселеге бир айдан кийин кайрылуу боюнча чечим кабыл алды.