СУПЕРСТАН: "Билим берүү системине кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керек?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Билим берүү системине кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керек?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мектепте мугалимдер айрыкча чоң класстын окуучуларына кош көңүл мамиле жасашат. Мектептеги билим сапатынын жогорулашы үчүн эң оболу мугалимдерди катуу көзөмөлгө алуу керек. Кээ бир мугалимдер жогорку окуу жайды сырттан окуп бүтүрүп сабакка кирип, эптеп 45 мүнөт өткөрүп чыгып кетишет. Ушундайларды мүмкүн болсо такыр жумушка албоо керек. Ал эми университетте коррупция күч алган. Муну жоюуга болот, болгону Билим берүү министрлигинен бир аз катуу көзөмөл болсо жакшы болмок. Мектептин да, университеттин да билим сапатын жогорулатуу үчүн башка өнүккөн мамлекеттердикиндей кылып ар бир класска камера орнотуп чыгуу керек. Ошондо мугалим да, окуучу да өз ордун билип иш кылышмак".

"Китептердин ордуна электрондук жабдыктарды пайдалануу баланын портфелин жеңилдетет.
Жалпы теориядан профилдик практиканы көбөйтүп, сөзсүз окула турган жана тандоого мүмкүн болгон сабактар тизмесин киргизүү керек".

"Эң негизги көйгөйлөрдүн бири - бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларга чейин системибиздин коммерцияга айланып кеткендиги. Бул деген "акчаң болсо билим ал, жок болсо үйдө отур" деген нерсе да. Саны бар, сапаты жок жогорку окуу жайларды жоюш керек".
"Мектеп системине чынында жаңылыктар керек. Азыр өлбөстүн күнүн көрүп келишет. Мектеп программасын өзүбүздүн шартка жараша иштеп чыгыш керек деп ойлойм. Улуттук идеология жок. Бардык эле программалар СССР убагындагы. Мектептеги окуу мөөнөтүн кыскартуу керек, 10-11-класстардын кереги жок. Ошонун ордуна кесиптик лицейлерде окусун".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaninaiman
2017-12-26 01:30:36
АдабиЯттан тушунук айтуу мн жаттоо болбосо...))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан