Нурсултан Назарбаев: “Кыргыз мамлекетинин дарегине бир дагы жолу жаман сөз айткан эмесмин”

Бүгүн, 25-декабрда Казакстанда Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен расмий жолугушуу аземи болду.

“Казакстан тарап Кыргыз делегациясынын көтөргөн маселелеринин бардыгын чечип бергенге даярбыз. Биз 26 жылдан бери көз карандысыз мамлекет болуп келе жатабыз. Жеке өзүм бир дагы жолу Кыргыз өлкөсүнүн дарегине жаман сөз айтып, жаман кадам таштаган эмесмин. Бул туура. Анткени биз келебиз, кайра кетебиз, ал эми эки өлкө бизге чейин бар болчу, бизден кийин дагы жашайт”, - деп Назарбаев Жээнбековго кайрылды.

Назарбаев ар бир муундун достукту сактап калууга жоопкерчилиги болуш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал достукту муундан-муунга өткөрүп берүү зарылдыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен президент болуп шайланганда сиз мага жылуу сөздөр менен жазылган куттуктоо жөнөттүңүз. Убакыттан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Сиз биздин аксакал жана улуу агабыз болосуз. Кыргыз-Казак бир тууган эл. Мен стратегиялык байланышты бекемдөөгө бардык салымымды жумшайм”, - деди Жээнбеков.

Жээнбеков эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 25 жыл толгонун белгиледи.

“Биз Түбөлүк достук боюнча келишимге кол койгонубузга 20 жыл болду. Бул иш сапар мааракелик күнгө туш келди. Сиз Кыргыз-Казак элиндей тууган эл дүйнөдө жоктугун туура айттыңыз”, - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан