Сапар Исаков: "Кыргыз өлкөсү супер технология менен жасалган 350 жаңы автобусту Орусиядан сатып алат"

"Кыргыз өлкөсү 350 жаңы автобусту Орусиядан сатып алат", - деди бүгүн, 25-декабрда өкмөт башчы Сапар Исаков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

"Бүгүн меморандумга кол коюлду. Бул жардам иретинде 12 пайыздык үстөк насыя менен 50 миллион доллар өлчөмүндө 7 жылга берилип жатат. Насыя Социалдык фонд жана Бишкек шаардык мэриясынын баалуу кагаздарынын жана "Газпромбанктын" эсебинен берилүүдө. Бардык шарты бар, ыңгайлуулугу жана сапаты жагынан абдан жакшы иштелген супер технология менен жасалган жаңы автобустар Орусиядан алынып келет. Бул "Таза Коомдун" алкагында жасалууда. Төлөм электрондук карточка менен жүргүзүлөт", - деди Исаков.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов чоң шаарлардын тажрыйбасын эске алуу менен борбордогу жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордун баарын автобустарга жана троллейбустарга айландыруунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

"Бул маселеде чоң шаарлардын тажрыйбасынан алып карап, аны өзүбүздүн шаарга алып келгени жатабыз. Автобуска буюртма берип жатканда анын бардык шарттарын эске алабыз. Азыр борбордогу автобустар жүрө турган көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Жаңы келе турган 350 автобус 11 маршрутту камсыз кылат. Бишкек шаарын жалпы камсыз кылуу үчүн 500дөн 700гө чейин автобустар керектелет", - деди Ибраимов.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Бишкек шаарына зарыл болгон автобустарды алып келүүнү каржылоону уюштуруу боюнча меморандумга кол коюлду. Меморандумга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директору Болот Абилдаев, "Газпромбанктын" төрагасынын орун басары Зауэр Дмитрий, социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров кол коюшту.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
amirrus
2017-12-25 21:27:02
жакшы сонун
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-25 21:28:34
Жаныбы бул автобустар
+2
Okunboim.
2017-12-25 21:35:14
Коз тийбесин жакшы иштеп жатат
+5
pixduel1
2017-12-25 21:35:20
Зря.... ( тушунгон тушунду)
-4
daniel87
2017-12-25 21:36:42
Туура колдойм Бишкекке барсан кочого маршуруттук таксилер батпайт чаржайыт,баш алам токтошот жолдо тыгын,пропка абдан маанилуу нерсе болмок тем более окмотко тушсо бечара мугалимдер,менен медицина тармагында иштегендердин айлыктары которулмок
+4
daniel87
2017-12-25 21:37:48
Маршурутту жок кылып!жалан автобустар болсо жакшы болмок
+5
Mongol1155
2017-12-25 21:53:15
Жаны келе турган автобустардын айдоочуларын жаны уйротулгон айдоочулар менен камсыз кылса жакшы болмок.Себеби азыркы автобус айдоочулары мурунку маршрутка айдагандар.Автобустар жалан гана остановкадан токтогондой кылса.Алматыда илгертен эле автобустар журот, остановкадан эле токтойт.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-25 23:00:01
Биринчи шаарды мите курттай каптаган ойду келди токтоткон унааларды бир тартипке келтириш керек тек койсон жолдун ортосуна деле токтотуп басып кетишет бир иштемиш болуп кубалашат анан эле мурдакы корунуш жоо басканга шарт жок автобустар келсе эле бейишке айланып кетпейт Бишкек
+1
progresskg
2017-12-25 23:28:54
хахаха, Орусия качантан бери супер технология менен болгон автобустарды жасап калды эле? Ушул Исаков деген коп жомок айтчу болду
+3
black_star_9494
2018-01-04 14:21:36
progresskg,Россияга келип корсон анан билесин кандай сонун автобустарды чыгарганын
0
ludimira
2017-12-25 23:48:14
Ушу жол киреден тушкон акча аябай кирешелуу...жолдошум иштейт частныйда.бюджетке автобустан коооп акча тушот.
Эл жаз кыш баары бир транпорт колдонот.
0
zzz---zzz
2017-12-25 23:54:12
Ар эки үч жылда автобус Кытайдан, Россиядан алат алар каякта иштеп жатат, же алар одноразовыйбы, акча иштештин үстүндө эле жүрөт чоңдор.
-1
dina
2017-12-26 00:22:11
Баягы асты жапыс автобустарынар не болду? Коп кочого ынгайсыз экен деп журбой калдыбы 42де бир азы журот калганы корунбойт. Тролейбустарды да жанылагылачы коляска менен тушконго таптакыр ынгайсыз. Анан да жаны автобустар карточка менен журуп баштаганда жол кире 20сом болот депаттынар эле бул жагы кандай болор экен?
0
bazar
2017-12-26 00:46:46
Чоң автобустар Бишкектин пробкасында тура берип акыры жүргүнчүлөр тажаганда чыкпай калышат.Анан актабай калды дешет миллиондорду жеп алышып.
Биринчи жолдорду кенейтиш керек.
-1
FIFA7
2017-12-26 02:36:09
Росия отпой калган туфта автобустарын Кыргызстанга толкайт эте баштаганго).
-1
kechirmeni
2017-12-26 07:31:59
Елкадан жеп эми автобустан жешет экен да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан