Уфа шаарында мугалим мектепте төрөп, жансыз ымыркайын баштыгына катып койгон

Башкортостандын Уфа шаарындагы мектептердин биринде мугалим мектепте төрөп, баласын баштыгына катып койгон. Мындай маалыматты Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, 40 жаштагы мугалим кош бойлуулуктун 7-айында болгон. Бирок ал бойдон түшүрүүчү таблеткаларды ичип, толгоосу мектепте башталган.

Аял баланы мектепте төрөп, окуяны жашыруу аракетин көргөн. Анын бул аракети ишке ашпай, андан көп кан кетип, эсин жоготкон.

Билим берүү мекемесине "Тез жардам" кызматы чакырылып, мугалим бейтапканага жеткирилген. Бул учурда мектептин имаратынан ымыркайды издешкен. Бирок дарыгерлер жансыз ымыркайды ооруканадагы эненин баштыгынан табышкан.

"Бул мугалимдин 3 баласы бар. 4-кош бойлуулукта ал эч бир клиникага катталган эмес. Анын учурда күйөөсү жок. Аял баладан кутулууну көздөгөн. Учурда бала өлүү төрөлгөнбү же өлтүрүлгөнбү текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kansulu
2017-12-26 09:23:13
Кандай журогу тоо адам
+1
engel
2017-12-26 10:11:04
Жеткен келесоо го тороп балдар уйуно откоруп берип койбойт беле же бала керектерге берип кой. Созсуз эле олтуруп жок кылыш керекпи. Кудаай сактасын
+4
JaneEr
2017-12-26 22:25:19
Бироого алдангандырда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан