"Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Канатбек Азиз тастыктады.
Анын айтуусуна караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 4-декабрда чыгарылган. Бирок аталган соттун чечими тууралуу аларга кечээ, 25-декабрда гана кабарлашкан.
Андан сырткары бул чечим алар экс-президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулган доону толук төлөгөнгө чейин киргизилгенин айтты.
Айта кетсек, буга чейин Таалайгүл Токтакунова Канатбек Азиз менен анын маяналары да сот тарабынан камакка алынганы тууралуу билдирген эле.
Айта кетсек, 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.
Кийин Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Болотбек Абдуллаев Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди 10 миллионго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан.