ӨКМ: "Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кечээ, 25-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун 123, 125, 127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондуктан унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралган.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жол тыгыны пайда болуп, унаалар токтоп калуу коркунучу жаралган. Буга байланыштуу саат 20:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган.

Учурда №9-жол тейлөө ишканасынан 3 грейдер, 5 самосвал, 2 жүктөгүч техникалары жана 15 жумушчу тартылып, Бишкек-Ош унаа жолунун 123, 125 жана 127-чакырымдарында жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан