Исхак Пирматов: "Орто-Токой суу сактагычы боюнча социалдык түйүндөрдө туура эмес пикирлер айтылып жатат"

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуу үчүнчү окууда каралды. Анда "Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов Орто-Токой суу сактагычынын тегерегинде социалдык түйүндөрдө туура эмес пикирлер айтылып жатканын билдирди.

"Учурда суу сактагыч боюнча социалдык түйүндө нааразычылыктар айтылып жатат. Мен ошол суунун боюнда туулуп, өскөм. Бул маселени ийне-жибине чейин билем. Эң негизгиси Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын Кыргыз өлкөсүндө жайгашканын таанып жаткандыгы. Буга чейин Өзбекстан тарап бир тараптуу эле иштетип карап келген. Учурда Орто-Токой суу сактагычын башкаруу, иштетүү Кыргыз тарапка өтүп жатканы чоң жетишкендик", - деди Пирматов.

Комитет Орто-Токой суу сактагычын башкарууну толук Кыргыз тарапка өткөрүү боюнча келишимди ратификациялоону үчүнчү окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан