Бүгүн, 26-декабрда парламент комитетинде Кыргыз өкмөтү менен Орус өкмөтүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндөгү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси экинчи окууда каралды.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бул келишимге ылайык, мигранттарга кам көрүүгө шарт түзүлүп жатканын айтты.
"Учурда Орусияда Кыргыз өлкөсүнөн 9 өкүлчүлүк бар. Азыр Москвадагы 7 консулдуктун төртөө башка аймактарга жиберилет. Анткени Тюмень, Сибирь аймактарында консулдук кызматтар жок. 9 өкүлчүлүк 1-мартта ишин баштаган. 2018-жылга бюджети 29 миллион сом бөлүндү. Ал эми Орусиянын Кыргыз өлкөсүндө 2 800 мигранты бар. Алар келип-кетип иштеп жүрөт", - деди Айдаралиев.
"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов 2 миллиард доллар берип жаткан мигранттардын укугу корголушу керектигин айтты. "Эгер сиздер жасап жаткан жумуштун натыйжасы болсо ири шаарларда консулдук кызматтарды ачууга бюджеттен каражат карасак болот”, - деди.
Миграция кызматынын маалыматы боюнча, учурда Орусияда 734 миң Кыргыз жарандары эмгектенет. Орусиянын Кыргыз өлкөсүнө миграция кызматын ачуу боюнча келишимди ратификациялоону депутаттар экинчи окууда колдоду.