Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу укалоочулардын бирикмеси түзүлдү

Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу "Чыгыш" кесипкөй укалоочулардын ассоциациясы" коомдук бирикмеси түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына бирикменин жетекчиси Дурусбек Эрнусбек уулу билдирди.

Анын айтымында, укалоочулардын бирикмеси Кыргыз жеринде алгачкы жолу түзүлдү.

"Укалоочулардын биригип, ассоциация болуп түзүлүшү Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу болууда. Биздин бирикменин негизги максаты мындан ары укалоочулар бири-бирибизге тажрыйба алмашып, жаңыдан бул кесипти аркалаган жаштарга колдоо көрсөтүп, окууларды, ар кандай сынактарды өткөрүп туруу болуп саналат", - деди ал.

Ошондой эле кайрымдуулук иштеринен дагы четте калбай, карылар үйүнө барып акысыз массаж жасап, жаңы жылдык белектерди беришерин кошумчалады.

Мындан сырткары, ассоциация республикалык болгондуктан акырындык менен аймактардагы укалоочулар биригип, тыгыз кызматташып иш алып барышарын белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aza17
2017-12-26 14:04:45
Жарайсынар. Биргели Кыргызым биригели.
0
grace
2017-12-26 15:10:10
Азаматтар! Ишиңерге ийгилик каалайбыз!
0
shumkar.kg
2017-12-26 16:02:56
Ал эмнеси шумдук)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан