Карамушкина интернетте өлкө башчысын, экс-президентти шылдыңдагандарга карата УКМКны чара көрүүгө чакырды

Бүгүн, 26-декабрда парламенттин тийиштүү комитетинде КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина президентти, экс-президентти шылдың кылган, Конституциялык түзүлүштү бузууга ачык чакырыктар болуп жатканын айтты.

“Социалдык түйүндөрдө президентти, экс-президентти шылдыңдаган билдирүүлөр жүрөт. Буга карата атайын топтор түзүлгөн. УКМКнын бул боюнча чара көргөнүн байкаган жокмун. Мен бул маалыматтарды окуп жатам, демек, баары окуп жатат да”, - деди Карамушкина.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков: “Маалымат коопсуздугу боюнча мыйзам чегинде иштер жүрүүдө. Чектен чыккан иш-аракеттер териштирүүгө алынат. Биз алдын алуу жумуштарын жүргүзөбүз. Сотко чейин эле деструктивдүү иштеген сайттарды жабуу иштери болууда”, - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан