Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында, ашууларда кар көчкү түшүшү күтүлөт

26-29-декабрь аралыгында аба ырайынын туруксуз болушуна байланыштуу тоолуу аймактарда кар жаап, көчкү түшүшү күтүлөт. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашууда) жана 198-262-чакырымында (Ала-Бел, Чычкан капчыгайларында) кар көчкү түшүүсү ыктымал. Ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-79-чакырымында, Кызыл Адыр-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымында да кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

Ушул эле аймактарда жолдор тайгак болуп, айдоочулар үчүн кыйынчылыктар жаралат. Бул себептен ашуу жана белдерде айдоочуларга 500 метрлик аралыкты сактоону эскертебиз", - деп эскертет ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан