Бүгүн, 26-декабрда парламенттин тийиштүү комитетинде айыл башчыларын, мэрлерди шайлоодо кворум үчүн көпчүлүк депутаттардын болушу жетиштүү деп сунушталды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин билдиришинче, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясий көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар.
“Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл”, - деди Салиев.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.