“Ата Мекен”фракциясынан депутат Аида Салянова президент Сооронбай Жээнбековго педофилдердин жазасын күчөткөн мыйзам боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал кечээ, 25-декабрда социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Эл өкүлү педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору президентке кол коюуга жиберилгенин эскертти. “Педофилдерге карата иштеп жаткан мыйзам кылмыш ишин токтотуп, эки жакты элдештирип коёт. Президенттик аппарат Конституциялык укукка таянып, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жаранды өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратууга каршы болуп жатат. Балдардын коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатса, педофилдердин эмгек укугу боюнча кыжалат болуп жаткандарды түшүнбөй жатам. Мамлекет педофилдерди үч жылга эмес, өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратууга милдеттүү”, - деп жазылган кайрылууда.
Салянова кайрылуусунда президенттик аппараттын мыйзам долбоору боюнча парламенттик комитетке жөнөткөн катын жарыялаган.
Эске салсак, 2-ноябрда Жогорку Кеңеште педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылган. Мыйзам долбоорунда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жаранды өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратуу сунушталган. Демилгечилер билдиргендей, жабырлануучунун ата-энеси арыз жазбай же болбосо элдешүү жолу менен арызын алып салышы мүмкүн. "Педофилдерге карата жабырлануучунун арызы болбосо деле кылмыш ишин козгоо укугун тергөөчүгө же прокурорго берүү демилгеленүүдө", - дешет долбоордун авторлору.