26-декабрь күнү өлкө боюнча 2 ирет жер титирөө катталды. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын сейсмология институту таратты.
Белгилүү болгондой, 1-жер силкинүү 26-декабрда түнкү саат 03:02де Ош облусунун Алай районунун аймагында катталган. Очогунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Эркеч-Там айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл жана Арча-Булак, Сары-Таш айылдарында 3 баллдык жер силкинүү сезилген.
Ушундай эле 3 баллдык шкала менен бүгүн түшкү саат 12:57 чамасында Нарын шаарынын түштүк-батышында да жер титирөө катталды. Ал Ат-Башы кырка тоолоруна жакын, Өзгөрүш айылынын түндүк-чыгыш тарабында жана Ак-Муз айылынын түштүк-чыгышына карай 26-чакырымында сезилген. Ошондой эле жер силкинүү Нарын районунун Таш-Башат айылында жана Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында да сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.