SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндер төркүнүндө" деген тема кызуу талкууга алынган. Анда автор: "Кайнене, күйөөңөр "үйүңө барып кел" дегенде тим эле учуп-күйүп жумуштарды аткарып, кудуңдап жөнөп калабыз, ээ? Илгеркилерден көп угам, "биз бир жылда барсак барып, болбосо жүрө берет элек, таарынбай-этпей эле. Азыркылар ай сайын барбаса башы ооруйт" деп. Чын эле азыркы замандын келиндери төркүнгө көп кетебизби? Төркүндөгү жагдай жөнүндө бир аз бөлүшө кетсеңиздер", - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бир байке айтты эле, "кыз кезинде алыста окуп жүрүп сагынбаган ата-энесин турмушка чыгып алып сагынышат экен, эки күндүн биринде ыйлап" деп. Өзүм ай сайын барбасам жарылып кетем го. Анан бара- бара 2 айда бир болуп сейрек каттай баштайм деп план түзүп алдым".
"Турмушка чыкканыма аз эле болду, Москвадабыз. Ашып баратса он беш күндө бир эжемдин үйүнө барып оозум талыганча сүйлөп, балдарын тойгончо өөп сагынычымды жазып келбесем кыйналып кетем".
"Эх-х, кыздардын баары төркүнүнө уйку көзүнөн өтүп барса керек. Мен да барсам жыргап уктайм, эртең менен да тур дешпейт. Апам жумушуна "эжеңе тамак жасап бергиле, кызын карагыла" деп кетет".
"Үйгө кадам аттап киргенде үстүмдөгү жерге тийген кофта, юбкаларды чечип туруп башымдагы жоолукту сыйрып ыргытып, жүгүрүп ваннага кирип, бир сыйра топтолгон кирлерди кетирем да, футболка, чолок шым кийип алам. Бийигирээк кылып төшөк салып беришет, бутту асып жатып калам. Анан чалкалап жатып алып маңдайыма апам менен жеңемди коюп алып ушакташам. Айылдан аябай чарчап келген жаным кыздарымды деле карабай коём. Апам өзү аларды жуунтуп, тойгузуп ээрчитип жүрө берет".
Талкууга кошулгуңуз келсе,
бул жакка кириңиз.