Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине телефон чалуулар аркылуу Москва шаарында Кыргыз жарандары полиция тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалыматтар түшкөн. 25-декабрда элчиликтин өкүлдөрү "Текстильщики" районундагы милиция бөлүмдөрүн кыдырышкан. Натыйжада 30 Кыргыз жараны кармалгандыгы аныкталган. Мындай маалыматты Орусиядагы Кыргыз элчилигинен билдиришти.
"Жергиликтүү бийликтин тийиштүү кызматтары пландык текшерүү жүргүзүп, башка өлкөдөн келген жарандардын каттоого туруу жана башка абалдарын, документтерин текшерүү рейдин жүргүзүшкөн. Натыйжада 30 Кыргыз жараны да документтеринде жаралган маселелерден улам кармалышкан. Алардын 19у текшерүүдөн соң коё берилген. Ал эми 11 жарандын документтери талаптарга дал келбегендиги аныкталган. Кармоодо турган 11 жарандын тогузуна протоколдор түзүлүп, документтериндеги кемчиликтер боюнча тийиштүү айыптарын төлөп алар да бошотулган.
Ал эми 2 жарандын документи боюнча толтурулган протоколдор сот органдарына өткөрүлмөкчү. Анткени алар Орусиянын аймагына каттоого турган документтери жасалма экендиги аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Орусиядагы Кыргыз элчилиги Кыргыз жарандарын документтерине так болууга жана жасалма документтер менен жүрүү кооптуу экенин эскертти.